Домой Коом Күз айларында пенсиянын өлчөмү 11%га көбөйөт

Күз айларында пенсиянын өлчөмү 11%га көбөйөт

1

пенсияБүгүн, 20-августта мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттип аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Соцфонддун башчысы президентке быйылкы жылдын 1-сентябрынан баштап, пенсияларды жогорулатуу боюнча пландар жөнүндө маалымдады. Индексациялоодон кийин песиялардын өлчөмү 11%га көбөйөт жана 4,554 сомду түзөт. Пенсияларды жогорулатуу 571,000 пенсионерди камтыйт. Жашоо минимумунан төмөн пенсия алган адамдардын саны пенсияларды жогорулатуунун жыйынтыгы боюнча 3%га төмөндөйт жана 334,000 адамды түзөт.

Жолугушууда ошондой эле фонддун ишинин маселелери жана анын бюджетинин аткарылышы, ошондой эле Өлкөнүн пенсия тутумун өнүктүрүүнүн концепциясы талкууланды.