Домой Коом Кылмышкер ишканалар өмүр бою дотацияда болуп келишкен

Кылмышкер ишканалар өмүр бою дотацияда болуп келишкен

4

дотацияМындай пикирин кызматынан кетип бара жаткан Ишембай Чунуев премьер-министрге жыйындагы аткаминерлердин көзүнчө айтты.

Кечээ, 13-июнь күнү премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин буйругу менен Ишимбай Чунуев Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору ээлеген кызматынан бошотулуп, бул директорлук кызматтын милдеттерин аткаруучу болуп буга чейин Чунуевдин орун басары болуп иштеп келген Акылбек Маралбаев дайындалган эле.

Ишимбай Чунуев өзүнүн кызматтан кетишине байланыштуу билдирүү жасап жатып “Премьер-министр ушундай чечти, ал мени дайындады, ал мени кызматтан алат. Бул нормалдуу эле көрүнүш” деп айтты.

Андан ары ал “Тоо-кен өндүрүшүн көтөрүү керек. «Кылмышкер ишканалар рентабелдүү эмес, алар өмүр бою дотацияда болуп келишкен”, деп ачык эле айттым. Жакшы инвесторлорго жана комплекстүү иштетүүгө багыт жасоо керек. Өзүбүз иштетип, анан азыр кичи шахталар иштеп жаткандай илгеркиче ыкма менен бөлүү – бул иш эмес», – деп билдирди.

И.Чунуев өзү моюндагандай аны кызматтан алууга ал тоо-кен өндүрүш тармагында, айрыкча Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктеги абалды оңдой албаганы себеп болуптур.