Домой Коом Кыраан Манас курган журтсуң, эркин учкан алгыр кушсуң

Кыраан Манас курган журтсуң, эркин учкан алгыр кушсуң

25

МанасКылымдарды карытып нечендеген жолдорду, жоолорду басып келген жана Манасты туу тутуп анын жети осуяты менен жашап келген, акыл калчап иш кылган, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып алдыга кадам шилтеген Кыргызым бүгүнкү күндө жан кейитээрлик заманын сүрүп жаткан чагы. Азыркы кыргыз менен тарыхты өз кандары менен жазган кыргыздын айырмасы жер менен асмандай. Азыркы кыргыздар коррупцияга белчесинен батып тышкы карызга карызын туудуруп, анысы аз келгенсип акыркы 24 жылдын ичинде эки ажобузду тактыдан алып, жаңы жашоону түптөйбүз деген үмүт менен шайлаган бийлик өкүлдөрү бүгүн деле өз адаттарын карматып, таз кейпин кийип жатышат. Мамлекеттин байлыгын уурдап, кыргыздын ай мончоктой болгон жерлерин сатып, келечектеги муунга жаркыраган  эркин жашоо эмес кулчулуктун доору күтүп жаткандай.

Бишкектин көчөлөрүндөгү көр турмушту карап көрөлү,  качан  апаларыбыз, эжекелерибиз, карындаштарыбыз  жаш балдарын эрчитип баласын алып көчөдө акча сурачы эле? Качан  аталарыбыз, байкелерибиз, инилерибиз арак ичип көчөдө жатканын көрчү элек? Алардын  жанында жүргөн жаш инилерибиз кандай тарбия алып жана аларды кандай жашоо өз кучагын ачып күтүп жатканы белгисиз.  Мындай көрүнүштөр мен кыргызмын деп жүрөгү соккон кыргыз атуулдардын жанын көргө алып барат. Менин кайраттуу кыргыз элим ар бир биз өткөрүп жаткан күндөрүбүз бул тарых баракчасына өзүбүздүн колубуз менен тарых жазып жатканыбыз, ошон үчүн кыргызым ойгон, ойлон эртеңки күнү  сен курган доордо сен эмес сенин балаң, урпактарың жашайт. Эртең  кеч болуп калат бүгүнкү күндөн баштап өзүңдүн көкүрөгүңдөгү “кыргыз” деген сезимиңди ойгот аны ойлонт, эртеңки өз урпактарыңды уятка калтырбай турган жашоону тартуула.  Балдарыңдын, тукумуңдун, урпактарыңдын  алдында  жүзүң ачык, жарык болсун. Акыркы сөзүмдү дем берүүчүгө дем, ойлонгонго ой, намысы жокторго намыс берет деген бир тамчы ишенимдеги төрт сап ырымды арнап кетейин

Кылым баскан кыргыз журтум,

Кыраан Манас курган  журтсуң.

Кыргызмын деп жүрөк соксун ,

Эркин учкан алгыр кушсуң.

Рысалиев Рахатбек

Айбат гезити №68