Домой Коом Кыргыз чегарачыны ѳзбектер сабап кетти

Кыргыз чегарачыны ѳзбектер сабап кетти

2

чекарачы12-ноябрда Баткен облусундагы Ѳзбекстан менен чектеш аймакта кыргызстандык чегарачыны ѳзбекстандык жарандар сабап, куралын тартып алып, кѳчүккѳ тээп жолго салыптыр. Мамлекеттин бүтүндүгүн, коопсуздугун карайт деп ишенген чегарачыларды жѳнѳкѳй жарандар кѳчүккѳ тепкилеп ойноп атса, сакалчандар келсе абалыбыз кандай болот? Чегара абалы жакшы эмес экенин какшагандар мурдататан абалды жакшыртуу керек экенин далай айтышты эле, бирок бул тармакта реформа жүргѳн жок. Белгилүү болгондой чегара тозотторунда аскерге жаңы чакырылган, толук билими жок же ден соолугу, физикалык жактан жакшы эмес аскерлер турганын кѳрѳбүз. Чегара кызматын ары-бери топ сыяктуу тепкилеп, ар кайсы органга энчилеп, акыр-аягында ѳзүнчѳ бѳлүп тынышкан. Бул аракеттер да жарытылуу жагдай түзгѳн жок. Ал ортодо жетекчилери байпактан тез алмаштырылды. Жакында жакшы иштеп аткан Курманакун Матеновду кызматтан кетиришти эле, ал кетери менен чегарачылардын абалы начарлап кеткени байкалды. Айтор, абал жакшы эмес. Кудай эле сактап атат.