Домой Экономика Кыргыз өкмөтү Stans Energy компаниясын арбитраждык сотто утуп алды

Кыргыз өкмөтү Stans Energy компаниясын арбитраждык сотто утуп алды

4

Stans Energy CorpЭске сала кетсек, буга чейин эл аралык сот Куттуу-Сай боюнча канадалык Stans компаниясынын арызы боюнча Кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар айыпка жыккан болчу. Анын негизинде Онтарио соту «Кыргызалтындын» «Центеррадагы» 47 миллион акциясын камакка алган. Мындай чечим коомчулукту дүрбөтүп, «Биз эл аралык соттордон утулуп эле атабыз, дагы деле утула беребиз» дегендей пикирлердин жаралышына себепкер болгон. Бирок, Кыргыз өкмөтү деле эл аралык сотто утуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги белгилүү болду. Тактап айтканда Москванын арбитраждык соту  Stans Energy Corp иши боюнча Кыргызстандын апелляциялык доосун карап, Кыргыз Республикасынын пайдасына чечим чыгарды. Мындай маалыматты өкмөттүн соттук өкүлчүлүк Борборунун директору Тимур Саралаев билдирди. «Кече арбитраждык сот Кыргызстандын өкмөтүнөн 118 миллион доллар төлөтүү тууралуу канадалык компаниянын пайдасына чечкен башка эл аралык соттун чечимин жокко чыгарды. Чечим эгерде тараптар доо арызы менен кайрылбаса 30 күндүн ичинде мыйзамдуу күчүнө кирет» дейт ал. Эмне дейбиз? Кыргыз өкмөтүн жана кыргыз элин куттуктайбыз. Көрсө, эл аралык сотторго чыкканда биздин тажрыйбабыз жетишпейт, алардан утулуп гана калабыз деген пессимисттик пикирлер жөн гана бизди алдын-ала ишенимсиздикке түртүү аракети турбайбы?..

Айбат гезити №126