Домой Экономика Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тууралуу документ ратификациялады

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тууралуу документ ратификациялады

6

Россия, КыргызстанОрусиянын Федералдык кеңеши Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча өкмөт аралык макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу маалыматты 3-июнда Орусиянын “Парламентская газета” басылмасы басты. Аталган документке 2014-жылдын 24-ноябрында Бишкекте кол коюлуп, быйыл март айында орус өкмөтү аны жактырган. Бул документте фонддун уставы, негизги принциптер жана фонддун иштөө тартиптери камтылган.

Фонддун уставдык капиталы 500 млн. долларды түзөт. Анын алгачкы 100 миллион долларын Орусия өткөн жылы которгон. Улуттук банктын планы боюнча быйыл 250 млн. доллар көлөмүндө экинчи транштын келери күтүлүүдө. Ал эми кийинки жылы калган 150 млн. берилет деп пландалган.

Айбат гезити №131