Домой Коом Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Баяман Дүйнөлүк банктын...

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Баяман Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту

8

1111111112

 2013-жылдын 18-февралында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Баяман Нурлан Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.Жолугушуу Нурлан Баяман  саламдашуусу менен башталып, Дүйнөлүк банктын маалымат коммуникациялар технологияларынын адиси Сидхардха Ража, эмне максат менен келгендигин айтты.  Сидхардха Ража Дүйнөлүк банктын  Борбордук азия боюнча  МКТ жагында адис болгондуктан, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде маалымат коммуникациялык технологиялардын  өнүгүшүнө кандай иш аракеттер жасалып жаткандыгын,  интернет булактары канчалык деңгээлде  жетиштүү экенин билгиси келгенин айтты. Азыркы учурда бул багытты өнүктүрүү үчүн  эң негизги эки иш аракет каралып жатат –деп жооп кайтарды Нурлан баяман.

Баса белгилеп айта кетсек, МКТжана өкмөттүн электрондук байланышын ишке ашыруу жана  кыргызстандын  алыскы аймактарын толугу менен интернет байланышына туташтыруу максатын көздөп жатканыбыз маалым. Мындан тышкары Кытай-Таджикистан волокконно – оптикалык сым байланыштарынын түптөлүшүн  аны менен бирге  волокконно-оптикалык сым байланыштарын  Ыссык-Көл, Нарын, Ош областарында   өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Бул сым түптөрү дары  түндүк менен түштүктүн ортосунда байланыштын жакындашына шарт түзөөрүн да белгилеп өттү Нурлан Баяман.

Жогоруда айтылгандай, байланыш булактарын өнүктүрүүгө пландоолор жана проектер көп эле. Бирок, ошону иш жүзүнө ашырууну акча маселеси чечээри баарыбызга белгилүү. Ошондой эле, Жогорку технологиялар паркын өнүктүрүүгө байкоочу кеңеш түзүлгөн. Байкоочу кеңеш,  2012-жылдын 21-декабрында жана 2013-жылдын 17-январында ЖТПнын Байкоочу кеңешинин отуруму болуп,  жыйынтыгында ЖТП Дирекциясынын директору дайындалгандыгы тууралу да айтып өтсөм болот – деп  билдирди Нурлан Баяман. Жыйындын акырында бул суроолорду такташ үчүн дагы бир жолугушуу дайындашып кетишти.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан, министрдин орун басары Нурлан Баяман , байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын начальнигинин орун басары -А. Айылчиева, ЭПжПИКСнын жетекчиси-К.Муканов жана тышкы иштер бөлүмүнүн адиси А.Маданбекованын катышуусунда болуп өттү. Ал эми Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу маалымат коммуникациялар технологияларынын адиси Сидхардха Ража жана Дүйнөлүк банктын Бишкектеги филиалынын адистеринин катышуусунда болду.