Домой Коом «Кыргызалтын» ААК башкармалык төрагасы Д.Жапаров камакка алынды

«Кыргызалтын» ААК башкармалык төрагасы Д.Жапаров камакка алынды

5

Жапаров ДилгерТергөө органдары , 28-майда «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Дилгер Жапаровду кармады. Маалыматка таянсак, Д.Жапаров КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүмүндө (коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иштин алкагында кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Учурда Д.Жапаров Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайында камакта.

Айбат гезити №80