Домой Коом Кыргыздын ыйык дөөлөттөрүн бийик көтөрөлү!

Кыргыздын ыйык дөөлөттөрүн бийик көтөрөлү!

7

Эгерде 2010-жылы 7-апрелде жүз берген ыңкылап болбогондо бүгүнкү эркин жашообуз өкүм сүрөөрүн бир Кудайдан башка эч ким билбейт. Ошол кезде эл экономикалык кризистен, абалдын оордугунан, үй бүлөөлүк башкаруудан жадаганынан ак үйдүн эркелерин кууп чыккан. Бир болбогон шылтоо үчүн алар жанын кыймак эмес. Бийик мөңгүлүү тоолордун касиетинен баар тапкан, намысын тебелетпеген, абийирин туу туткан жоокер калк экинчи ирет кул болуудан кутулууну көздөп, өз тилегине адам өмүрү, каны менен жеткен. Ошол максаттын башатында тургандардын ичинен жүздөп эр жигиттер акка моюн сунушту.

Өткөн беш жылда кыргыз өлкөсү жаңы багыты менен жашоосун улантты. Баштагыдай алып-жутарлардын, элдин ырыскысына кол салгандардын бети ачылып, коррупцияга каршы күрөш кулачын жайды. Жакында эле өлкөбүз Европа мейкиндигине жол ачты. Албетте, дөөлөтү, көкүрөгү бийик элдин маңдайы ачык болоорун өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Европага болгон сапары тастыктады. Күздөгү шайлоонун өз деңгээлинде өтүшүнө, стратегиялык мааниси бар жолдордун, ГЭСтердин салынышына аракеттер көрүлмөкчү. Апрель ыңкылабынын жемишин көрөөр күндөр да келет. Ошондо “кайран баатырлар өмүрүн бекер кыйбаптыр” деп эскеребиз. Кыргыздын дөөлөттөрүн бийик көтөрүүгө ар бир жаран өз үлүшүн кошсо өлкө күчтүү болот.

Айбат гезити №123