Домой Экономика «Кыргызгаз» кийинки жылы 500 млн кубметр газ сатып алат

«Кыргызгаз» кийинки жылы 500 млн кубметр газ сатып алат

7

газ

«Кыргызгаз» ачык акционердик коому өзүнүн салттуу болгон газ жеткирүүчүлөрү – «Узтрансгаз» акционердик компаниясына жана «КазТрансГаз» акционердик коомуна 2014-жыл үчүн 500 млн кубметр жаратылыш газын жеткирүү жөнүндө расмий билдирме берди. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Бишкектеги маалымат жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, келишимдер «Кыргызгаздын» жаңы ээси болгон Россиянын «Газпром» ачык акционердик коому менен биргеликте түзүлөт.

«Андан ары карай бардык жеткирүүлөр россиялык акционер тарабынан жөнгө салынат», – деп баса белгиледи О.Артыкбаев.