Домой Коом Кыргызстан коррупция боюнча эл аралык рейтингде 154-орунда турат

Кыргызстан коррупция боюнча эл аралык рейтингде 154-орунда турат

4

коррупция 222222222Кыргызстан коррупция боюнча эл аралык рейтингде 154-орунда турат. Бул тууралуу Transparency international расмий сайтында билдирди. Уюмдун маалыматына таянсак, Кыргызстан экономиканын бардык секторлорунда кеңири тараган коррупциянын олуттуу көйгөйлөрүнө жана мамлекеттик аппараттын бардык деңгээлинде туш болот. Саясий туруксуздук, кылмыш топторунун мамлекеттик институттарга инфильтрациялоосу экономикалык көйгөйлөргө алып келет. «Ишке кесирин тийгизүүчүлүк, коррупция, саясий туруксуздук 2010-жылдагы элдик көтөрүлүшкө жана 2011-жылдагы жаңы өкмөттү шайлоого алып келди. Ошондон бери өлкө коррупция менен күрөшүүдө өзүнүн күчүн активдештирди. Соттордун көз карандысыздыгын күчөтүү боюнча чаралар көрүлүп, башка укук коргоо органдарын реформалоо жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта

Айбат гезити №50