Домой Экономика Кыргызстан менен Индиянын өкмөтү кызматташуу тууралуу протоколго кол койду

Кыргызстан менен Индиянын өкмөтү кызматташуу тууралуу протоколго кол койду

6

подписьБүгүн, 19-июлда соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын 6-жыйынынын жыйынтыгында протоколго кол коюу аземи болду.

Кыргызстандын өкмөтү тарабынан протоколго энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаев кол койсо, Индия тараптан соода жана өнөр-жай мамлекеттик министри Дагубати Пурандесвари кол койду.

Протоколго ылайык, кийинки 7-жыйын 2014-жылы Индияда болот.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227647