Домой Экономика Кыргызстанда 1-июлдан тартып капиталды мунапыстоо башталат

Кыргызстанда 1-июлдан тартып капиталды мунапыстоо башталат

2

денгиКыргызстанда 1-июлдан тартып капиталды мунапыстоо баштала тургандыгын Салык кеңешчилеринин палата башкармалыгынын төрайымы Татьяна Ким K-news маалымат агенттигине билдирди.

 

Көмүскө кирешени легалдаштыруу 2013-жылдын 31-декабрында аяктайт. Кирешелерин өз каалоосу менен жарыялаган учурда мамлекет субьектинин 2012-жылдын декабрына чейинки финансы-чарбалык ишине ар кандай текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле, декларациядан алынган маалыматтын негизинде кылмыш куугунтугуна алууга тыюу салынарына кепилдик берет.

Т. Кимдин айтуусунда, кирешени легалдаштыруу менен киреше менен мүлктүн булагы тууралуу маалыматты берүү милдетинен кутулса болот. Мунапыс монетардык эмес, билдирүү мүнөзүнө ээ. Башкача айтканда, декларацияны толтуруп жаткан жаран мамлекетке эч кандай пайыздык төлөм төлөбөйт. Салык төлөөчүнүн активдери 45 млн сомдон ашып кетсе гана төлөйт. Бул учурда 45 млн сомдун 1%ын, башкача айтканда, 450 миң сом төлөп калат. Бул төлөм бир гана жолу төлөнөт жана 45 млн жогорку суммадагы акчага да тиешелүү болуп эсептелет. Мунапыс жеңилдетилген мүнөздө өтөт.

«Мамлекет бураманын бардыгын бекем бурайын деген ою жок. Эгер өкмөт кирешенин бардыгы экономикага агылып киришин кааласа, анда классикалык жолду тандап алмак: мынакей банктагы эсептер, ушуларга акчаңарды салгыла демек. Бирок биз башка жолду тандап алдык. Жашоону актай барактан баштоого болот”, – дейт Т. Ким.

2013-жылдын май айынын аягында өлкө президенти “Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга даярдык көрүү жөнүндө” мыйзамга кол койду

Кыргызстандыктар БСД 2016-жылдын январь айынан тартып толтура башташат. Капиталды мунапысташтыруу жарандардын көмүскө кирешелерин легалдаштырууга жасалган алгачкы кадам болуп саналат.