Домой Коом Кыргызстанда 13 киши ала оорусу менен ооруйт

Кыргызстанда 13 киши ала оорусу менен ооруйт

31

lepra_17afotoЛепрозорийлердин жоктугуна байланыштуу ала оорусу (пес оорусу) менен жабыркагандарды Казакстанга дарыланууга жиберишет. Бул тууралуу бүгүн 12-июнда Республикалык дерматовенерологиялык борборунан билдиришти.

Учурда Кыргызстанда ала оорусу менен ооруган 13 адам бар. Ошондой эле 61 контактагы адамдар жөнүндө белгилүү. “Бул оору бейтап менен болгон контакттан жугат. Бирок Кыргызстанда акыркы жолу ала оорусунун жугушу 1980-жылдары катталган”, – деп РПБ билдиришти.

 

Маалымат үчүн:

Лепра (проказа)(Хансен оорусу, хансеноз, хансениаз; эски аты — прока́за, elephantiasis graecorum, lepra arabum, lepra orientalis, финикийлик оору, satyriasis, аза тарткан оору, жалкоо өлүм, Ыйык Лазар оорусужана башка) — адамдын өнөкөт жугуштуу оорусу. Ооруну кургак учук козгогучуна окшош кислотага туруктуу микобактериялар козгоп, организмге дем алуу органдарынын былжыр чели аркылуу кирет. Анын жугушунавитамин жетишсиздиги, тазалыктын жоктугу, жетишсиз тамактануу, калктын топтолушу жана башкалар шарт түзөт. Лепра Азия, Африка өлкөлөрүндө, Түндүк жана Борбордук Америкада жолугат. Козгогуч денеге киргенден кийин оору 4—6 жылга чейин билинбейт (жашыруун мезгил).

Лепранын дүйнөгө тарашы (2003).