Домой Кырдаал Кыргызстанда 4,9 магнитудада жер титирөө болду

Кыргызстанда 4,9 магнитудада жер титирөө болду

3

жер титирөө

Кыргызстандын аймагында 20-сентябрда болжол менен 22:28 убактысында Ысык-Көл облусунун түштүк-батыш тарабында 4,8-4,9 магнитудасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө ккырдаалдар министрлиги алдындагы сейсмология борборунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жер титирөө Чолпон-Ата шаарынан түштүк-батыш тарабынан 68 км аралыкта болгон.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунда, Бишкек жана Алмата шаарында дагы байкалган. Болжолдуу маалыматтарга караганда жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.