Домой Экономика Кыргызстанда алтын казуу 2028-жылдан соң токтотулушу мүмкүн – мамгеология

Кыргызстанда алтын казуу 2028-жылдан соң токтотулушу мүмкүн – мамгеология

17

КумтөрКыргызстандагы алтын запастары 10-15 жылга гана жетет, алтын казуу 2028-жылдан соң токтотулушу мүмкүн. Бул тууралуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Улан Рыскулов бейшемби күнү тегерек үстөлдө билдирди. «Бүгүнкү күндө , жергиликтүү коргошун, ыроо, уран, сурьма кендери дээрлик иштетилип болду. Калган кендер 10-15 жылга эсептелген. Эгерде дүйнө жүзүндөгү алтынга болгон баа төмөндөбөсө, ири делген Кумтөр кенин 2028-жылга чейин иштетүү божомолдонууда. 2028-жылдан кийин алтын казуу төмөндөйт», – деди, Рскулов.

У. Рыскулов айтып өткөндөй, минералдык ресурстардын жаңы запасын издөө үчүн мамлекет геологиялык чалгындоо заказ кылбайт. Баардык кендерде Советтерр Союузунун маалында эле чалгындоо иштери жүргүзүлүп болгон. «Тилекке карщы, мамлекеттик геологиялык экспедициялар начар каржыланат, ал эми материалдык-техникалык базасы убакыттан артта калган. Буга байланыштуу, издөө иштерин каржылоону көбөйтүп, жаңы «Кыгызгеология» мамлекеттик ишканасын түзүү керек», – деди, чиновник. Эске сала кетсек, мурда маалымдалгандай, 1991-жылдан тарта бир гана Шамбесай алтын кени ачылган, аны австралиялык Manas Resources компаниясы ачкан.

Айбат гезити №50