Домой Коом Кыргызстанда банк аркылуу пенсиясын алган жарандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда банк аркылуу пенсиясын алган жарандардын саны өсүүдө

16

банкомат пенсия

Социалдык фонддун берген маалыматына ылайык, 1-июлга карата республика боюнча пенсия алгандардын саны 570 900 кишини түзөт. Алардын ичинен 408 200 киши (71,5%) пенсиясын “Кыргызпочтасынын” филиалдары аркылуу алса, 162 700 киши пенсиясын банк аркылуу алат. Банк аркылуу пенсиясын алгандардын саны 2013-жылдын алты айында 94,2 миң кишиге өстү.

6 ай ичинде жалпысынан 14 млрд 360 млн 600 миң сом өлчөмүндө пенсия жана жөлөк пулдар төлөнгөн.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227706