Домой Видео Кыргызстанда биринчи жолу 3D тасма тартылууда

Кыргызстанда биринчи жолу 3D тасма тартылууда

4

1

Аскарбек Күрүчбеков жана Талант Рысалиевдин режисёрлугу астында “Бархатный сезон”  аттуу 3D тасмасынын биринчи кадрлары тартылып жатат. Башкы ролдордо  Талант Рысалиев, Ренат Тентимишев  жана Алтынай Махмутова. Кыргызстанда акыркы учурларда кыргыздардын кедейлигин, терс жактарын чагылдырган тасмалар көбөйүп жатпайбы, а аталган тасмада тескерисинче кыргыздын болгон жакшы жактарын, байлыгын көрсөтөбүз дейт киножаратуучулар. Тасма бир жаш адамдын тагдыры, жашоосу тууралуу болмокчу. Тасманын жүрүшүндө бир унааны жардырышат. Буга чейин Бишкекте кинотартуу үчүн атайын унааны жардыруу болбогонун да Талант Рысалиев баса белгилеп кетти.  Тасма тартууда эң жаңы делген техникалар колдонулуптур, эми тасма кандай сапатта болооору тасма тартылып бүтүп, көрүүчүлөрдүн сынына коюлгандан кийин чогуу баамдайбыз.