Домой Коом Кыргызстанда былтыркы жылга салыштырмалуу айлык маянанын орточо өлчөмү көбөйүп, жумушсуздардын саны азайды

Кыргызстанда былтыркы жылга салыштырмалуу айлык маянанын орточо өлчөмү көбөйүп, жумушсуздардын саны азайды

8

пКыргызстанда январь-май айларынын аралыгында орточо айлык маяна 5,2%га көбөйүп, 10 829 сомду түздү. Бул тууралуу улуттук статистикалык Комитет маалымдайт.

Бир жумушчуга карата  кичи ишканаларды эсепке албаганда, орточо номиналдык айлык акы 2013-жылдын январь-май айларында 10829 сомду түздү. Демек, өткөн жылдагы ушул аралыкка салыштырмалуу айлык акы 5,6%га өскөн.

Ал эми өткөн жылга салыштырмалуу ушул жылы катталган жумушсуздардын саны 59,9 миң адамды көрсөткөн, бул 6,7%га аз.