Домой Коом Кыргызстанда эмне үчүн жалаң негатив?

Кыргызстанда эмне үчүн жалаң негатив?

13

кемпирМени көптөн бери ойлонтуп келаткан маселе – биздин өлкөдөгү массалык маалымат булактары аркылуу тараган маалыматтардын негативдүү мазмуну. 2002-жылдагы белгилүү Аксы окуяларынан бери Кыргызстандагы телекөрсөтүү, радио уктуруу жана басылмалардын баарында эле адам көңүлүн чөгөргөн негативдүү мазмундагы маалыматтар басымдуулук кылат. Мен мурда бул нерсеге көп деле көңүл бурган эмес элем. 2010-жылдан тарта Ооганстанда Counterpart International деген уюмдун жарандык коомду өнүктүрүү долбоорунда эки жыл директор болуп иштеп келдим. Менин журналисттерге, жалпы эле массалык маалымат каражаттарына болгон көз карашым дал мына ушул Ооганстанда жүргөнүмдө өзгөрдү.