Домой Ден-соолук Кыргызстанда энтеровирустук инфекция менен ооругандар көбөйүүдө

Кыргызстанда энтеровирустук инфекция менен ооругандар көбөйүүдө

4

энтеровирусКыргызстанда энтеровирустук инфекция менен ооругандардын саны сакталууда. Бул тууралуу Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл бул дарт менен ооругандар көбөйгөн. Жайында да күздүн башталышы менен күнүнө 10дөн 20 кишиге чейин кайрылышкан. Алардын жок дегенде бешөө ооруканага жаткырылган.

“Оорулуулар дагы деле түшүп атат. Сууктун түшүшү менен энтеровирустук инфекция менен ооругандар азаят деп жатабыз. Бул оорунун алдын алуу үчүн элдин арасында жана бала бакча менен мектептерди профилактикалык иштерди жүргүзүү керек. Жайында Ысык-Көлдөгү пансионаттардан көп бейтап кайрылды. Алардын көпчүлүгү балдар”,- дейт Аалиев.