Домой Экономика Кыргызстанда ислам принциптери боюнча каржылоо киргизилди

Кыргызстанда ислам принциптери боюнча каржылоо киргизилди

7

ИсламКыргызстанда ислам принциптери боюнча каржылоо киргизилди. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев ислам принциптери боюнча каржылоону өнүктүрүүгө арналган тегерек столдо маалымдады. Анын айтымында, ушул жылдын март айында ислам экономикасын өнүктүрүү комитети түзүлгөн. Шарияттын жол-жоболору менен иш туткан банктар 1970-жылдары пайда болуп, дүйнө жүзү боюнча азыр 300дөй банк бар. Кыргызстанда алгачкы ислам банкы 2006-жылы пайда болуп, пилоттук долбоор катары “Эко Исламик банкы” түзүлгөн. Бул банктын өзгөчөлүгү – насыя берүүдө кардардын бизнес планын дыкат текшерип, спирт ичимдиктери, тамеки сыяктуу динде арам деп саналган бизнестерге каражат бербейт.