Домой Экономика Кыргызстанда көмүр казуу жарым жылда 81%га өстү

Кыргызстанда көмүр казуу жарым жылда 81%га өстү

25

көмүрӨткөн ишемби, 20-июлда энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев көмүр казган ишканалардын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын өкүлү Нарынбек Сатыбалдиевдин айтымында, 6 айда 403 миң тонна көмүр казылып алынган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 181%га көп. “Жылдык план боюнча көмүр казып алуунун көлөмү 1,3 млн тонна. Көмүр казып алуунун көлөмүн 1,5 млн тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар”,- деп кошумчалады ал.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227693