Домой Ден-соолук Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны жогору бойдон калууда

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны жогору бойдон калууда

10

тубэркулезКыргызстанда кургак учук илдетине кабылгандардын саны жогору бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Ооруларды айыктыруу жана экспертиза жүргүзүү боюнча департамент билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын I жарым жылдыгында бул ооруга кабылган 3 110 адам каттоого алынган. Алардын арасынан 303ү 14 жашка чейинки балдар болуп чыккан.

2012-жылдын азыркы мезгилине салыштырмалуу 3 068 адам катталган, алардын 350сү 14 жашка чейинки балдар болгон.

“Эң эле көп тараган аймактар Чүй облусу жана Бишкек”, – деп жазылат маалыматта.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227864