Домой Коом Кыргызстанда мугалимдер жогорулатылган айлык маяна алышты

Кыргызстанда мугалимдер жогорулатылган айлык маяна алышты

6

мектеп, мугалимМектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүү ишканалары жана башталгыч билим берүүдөгү мамлекеттик ишмерлер айдын биринчи күнүндө жогорулатылган эмгек акыларын алышты. Бул тууралуу Өкмөттүн пресс-катчысы билдирди. Маалыматына караганда үстүбүздөгү окуу жылдын башынан тарта билим берүү тармагындагы мугалимдер 50% га айлык  акысы жогорулаарын айткан.

Буга чейин Билим берүү Министрлиги тарабынан жетишерлик көңүл бурулбай келген. Бул жолу айыл жерлериндеги жергиликтүү билим берүүдө, мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу толук ишке ашты. Буга мисал катары айта турган болсок, Ак –Моюн айылында кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча мугалими 18 миң 500 сом алды. Билим берүү тармагындагы мугалимдер мындан ары толук 50% жогорулатылган маяна алууга жетишет. Ушул сыяктуу эле мектепке чейинки жана башталгыч кластарга карата мугалимдердин айлык маянасы ушул көрсөткүчтө эле жогорулайт.

Андан сырткары Балыкчы шаарындагы бала бакчадагылар 40 сааттан иштеп 7 миң 800 сом алышса, эми алар 14 миң 140 сомдон айлык акы алышат.

Жетиштүү деңгээлде жогорулатылган билим берүү тармагынын адистеринин маянасы аларга билим берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт түзөт. Ошондой бийик тоолу аймак болуп эсептелген Ак – Кыя айылындагы башталгыч класстын мугалими 23 сааттан иштеген болсо, айына 22 миң 636 сом эмгек акы алууга жетишти. Бул мугалим буга чейин 11 миң сом маяна алып эмгектенген. Айлык маяна жогорулагандан кийин мугалимдердин сааты кыскарбай турганын Өкмөттүн пресс-катчысы билдирди.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)