Домой Экономика Кыргызстанда уюлдук байланыштын баасы 5-15 пайызга арзандап жатат

Кыргызстанда уюлдук байланыштын баасы 5-15 пайызга арзандап жатат

3

тел

Кыргызстанда мобилдик байланыштын баасы жыл сайын 5-15 пайызга төмөндөп жатат. Бул тууралуу мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Алмазбек Кадыркулов эки күндөн бери Ысык-Көлдө өтүп жаткан Байланыш жаатындагы регионалдык шериктештик башчыларынын  биргелешкен 48-отурумунда билдирди.

Анын айтымында, учурда уюлдук байланышка бир абонент ай сайын орточо алганда 4 доллар чыгымдайт.

Өткөн жылдын жыйынтыгына таянсак, уюлдук байланышты колдонуучулардын саны жалпы калктын 122 пайызына жеткен.

Ал эми жыл сайын Интернетке карата баа 5 пайызга азайып жатканын, түйүндүн маалымат берүү ылдамдыгы 8 пайызга көбөйгөнүн айтты.

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Интернет колдонуучулар 3,5 млн адам деп эсептелди, бул көрсөткүч 2011-жылы 2,4 млн болчу. Ошол эле маалда калктын 51 пайызы дайыма интернетте олтурат.

Интернет тейлөөсүн көрсөткөн провайдерлер менен операторлордун саны – 74.