Домой Экономика Кыргызстанда жыл башынан бери 1,1 млрд сомго 935 миң тонна көмүр өндүрүлдү

Кыргызстанда жыл башынан бери 1,1 млрд сомго 935 миң тонна көмүр өндүрүлдү

13

КумтөрЖыл башынан бери республика боюнча 935 миң тонна көмүр өндүрүлдү. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы маалымдады. Ишкананын маалыматына караганда, товардык продукцияны өндүрүүнүн суммардык баасы 1 млрд 100 млн сомду түздү.

Азыркы учурда көмүр өндүрүүчү ишкана бюджеттик уюмдарга көмүр камсыздап жатат жана 2015-жылдын октябрынын ортосуна чейин камсыздоону аяктап, андан кийин калкты жана Бишкек ЖЭБди көмүр менен камсыздоону баштаганы жатат.

«Кыргызкөмүр» ишканасы бүгүнкү күндө бюджеттик уюмдарга көмүр камсыздоону 70 аткарды.

Айбат гезити №146