Домой Коом Кыргызстандагы мөңгүлөрдү коргоо мыйзамдаштырылат

Кыргызстандагы мөңгүлөрдү коргоо мыйзамдаштырылат

37

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эркингүл Иманкожоева, Асылбек Жээнбеков, Чолпон Султанбекова жана Каныбек Иманалиев тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгечилердин бири депутат Иманкожоеванын айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстандагы мөңгүлөрүн коргоо, климаттын өзгөрүлүшүнүн алдын алуу жана суу запастарын туура башкаруу боюнча эл аралык кыймылына бирлешүү үчүн мыйзамдык негиздерди түзүү максатында киргизип жатат. Азыркы күндө республика аймагында 6582 мөңгү катталган. Суу ресурстарын туура пайдаланууну мөңгүдөн баштоо менен ага туура мамиле кылуу, сактоо маселелеринин негизинде аталган мыйзам долбоору иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунун милдеттери катары мөңгүлөрдү коргоо үчүн негиздерди түзүү, мөңгүлөр боюнча мониторинг кызматын түзүү, республикада гляциолог жана метеоролог кадрларды даярдоо үчүн өбөлгөлөрдү түзүү, мөңгүлөргө зыян келтирилгендиги үчүн жоопкерчилик чараларын киргизүү, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктап, аны өндүрүүгө шарт түзүү эсептелет.
Хан-Тенгри

URL: http://kyrgyz.vb.kg/226567