Домой Коом Кыргызстандан Казакстанга контрабандалык жол менен товар ташыгандар кармалды

Кыргызстандан Казакстанга контрабандалык жол менен товар ташыгандар кармалды

8

контрабандаКыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн билдиришинче, Ысык-Ата районуна караштуу Кеңбулуң айылында Чүй чек ара отрядынын чекарачылары тарабынан Кыргызстандан Казакстанга Чү дарыясы аркылуу кантрабандалык товар алып өткөн жарандар тобу кармалды.

Чекарачыларды көрүп, таңгылчактарды жеткирген жүкчүлдөр товарды таштап, өздөрү Казакстандын чекарасына жашынып калууга үлгүрүшкөн. Алардын бирөөсү чекарачыларынын колуна түшкөн жана калктык керектөөсүндөгү товарлар бар 30 таңгылчак да кармалган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган контрабандалык товар Чүй ИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.