Домой Экономика Кыргызстанды байланыш тармагынын тез өсүп жатканы үчүн макташты

Кыргызстанды байланыш тармагынын тез өсүп жатканы үчүн макташты

3

байланыш

Кыргызстан жалпысынан байланыш жана телекоммуникация тармагында абдан жогорку динамиканы көрсөтүп жатат. Мындай бааны Эл аралык электр байланыштары союзунун (ЭБС) башкы катчысы Хамадун Туре берди. Анын саламдашуу сөзү бүгүн 18-июлда Байланыш тармагындагы аймактык кызматташтыктын администрацияларынын башчыларынын кеңешинин 48-жыйынында айтылды.

Өз сөзүндө башкы катчы Кыргызстанда мамлекеттик органдар жана жеке операторлор байланыш тармагында тейлөө көрсөтүүдө чоң жетишкендиктерге жеткенин белгиледи. ЭБСнын катчысы Кыргызстан Байланыш тармагындагы аймактык кызматташтыктын активдүү катышуучусу экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, ЭБСнын администрация башчыларынын жыйыны ушул күндөрдө Ысык-Көлдө өтүп жатат.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227572