Домой Экономика Кыргызстандын алтын кендүү жерлери аукцион аркылуу ижарага берилди

Кыргызстандын алтын кендүү жерлери аукцион аркылуу ижарага берилди

9

алтынКыргызстанда алтын кендүү жерлерди ижарага берүү боюнча алгачкы аукцион 12-ноябрда өткөрүлдү. Алтын бар болушу мүмкүн болгон жерлерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү лизенциясын эки компания утуп алды.

Кендерди иштетүү укугун сатуу боюнча аукцион 12-ноябрда Жалал-Абад облусунда өттү. Анын жыйынтыгында  «Чаткал Голд» жана «Чаткал Лачын» компаниялары жеңүүчү болушту. Алардын бири болжолдуу түрдө 3000 килограммдык алтын запасы бар, а экинчиси 255 килограмм запасы бар жерге ээ болушту. «Эки жерде тең алтындын запасы көп же аз болушу мүмкүн. Бул алдын ала айтылган божомолдогон ресурстар», — деди иш-чараны өткөргөн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Назгүл Кулова Kloop.kgге берген маегинде. Анын айтымында, чалгындоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгү үчүн «Чаткал Голд» 500 миң доллардан ашык, а «Чаткал Лачын» компаниясы 100 миң доллардан бир аз ашыгыраак каражат төлөгөн.

Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Башкы терек» алтын кени менен Аюу чачы аянты аларга байланыштуу соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыктан аукциондо ижарага берилген жок. Жалпысынан анда соодалашууга 15 компания катышкан.

Айбат гезити №53