Домой Коом Кыргызстандын Бажы Союзуна кирүү маселеси боюнча кезектеги провокация даярдалып жатабы?

Кыргызстандын Бажы Союзуна кирүү маселеси боюнча кезектеги провокация даярдалып жатабы?

5

Мирбек АсангариевТилекке каршы, Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү маселеси боюнча талкуу цивилдүү алкактан чыгып бара жатат. Бул тууралуу “Вести” сайтына өздүк булактар билдирип, май айынын башында айрым бейөкмөт уюмдар бул интеграциялык процесске каршы митинг өткөрө турганын кабарлаган.

Маалыматтарга ылайык, уюштуруучулар “Реформа” партиясынан Мирбек Асангариев жана Атыр Абдрахматова, ошондой эле «CAFMI» уюмунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев. Майдын башында булар КРдин Бажы союзуна кирүүсүнө каршы акциясын өткөрүп, “Ала тоо” аянтындагы Чүй проспектисин жабуу ниеттери бар экен.

Ушундай жол менен уюштуруучулар укук коргоо органдарын күч колдонуп, митингди таркатууга мажбурлап, муну эркиндикке бөгөт коюу аракети катары коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурмакчы.

Айбат гезити №75