Домой Коом Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаева келиндүү болду

Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаева келиндүү болду

8

Садыбакасов Атай БолотовичЭкс-Президент Роза Отунбаеванын уулу Садыбакасов Атай Болотович 21-декабрь күнү Бишкек шаарында орун алган Жаннат ресторанынан Малика Жапарованы кыргызча колунан алып кетти. Бул тууралуу ишенимдүү булактар кабарлашты.

Берилген маалыматтарга караганда, Малика Жапарова менен Атай Садыбакасов сүйлөшүп жүргөн. Азырынча үйлөнүү тойун белгилей элек.

Эске сала кетсек, Атай Садыбакасов Россиялык  ТРК “Мир” Телерадиокоррпорациясынын  Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн  директору Динара Суймалиеванын кызы  фотомодель, теле алыпбаруучу Евгения Губина менен ажырашкан.