Домой Саясат Кыргызстандын Эсептөө палатасы Борбор Азия аймагында эң мыкты болуп табылды

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Борбор Азия аймагында эң мыкты болуп табылды

5

счетная палатаКыргызстандын Эсептөө палатасынын делегациясы Москвага жумушчу сапары менен барды жана Россиянын Эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашин менен жолугушту.

Мындан кийин КРдин Россия федерациясындагы элчиси Болот Жунусов менен биргеликте тараптар коллегиялык жыйынга катышып, анда КРдин Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча отчет каралды.

Элчиликтен кабарлашкандай, мындай текшерүүнү көптөгөн өлкөлөр өз ара мамилелеринде иш жүзүнө ашырып келет. 2012-жылдын 21-сентябрында кол коюлган меморандумга ылайык, россиялык адистер 2013-жылдын январь айынан июль айына чейин өздөрүнүн Кыргызстандык кесиптештеринин ишмердүүлүгүн изилдеп чыгууга милдеттеме алышкан.

Коллегияда Кыргызстандын Эсептөө палатасы Борбор Азия аймагындагы эң мыкты палата экени аныкталды