Домой Фонд «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземине чакырат.

«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземине чакырат.

0

 

 Прогрессивдүү Демилгелер Фонду Сиздерди ЛОГО молодые лидеры Салтанат Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде БАЗда саат 10:00 башталат. 

А.Салымбековдун демилгеси менен «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби илимий долбоору ишке ашырылып, анын максаты жаш лидерлерге кошумча акысыз билимге ээ болуу шарттарын түзүүнү жана татыктуу илимдүү, жоопкерчиликтүү команданы, мамлекеттин келечегин курууну көздөп келет б.а. БОЛОЧОК ЭЛИТАНЫ куруу болуп саналат.

Бишкек шаарынын 22 ЖОЖдорунан тандалып алынган студенттер теориялык билим менен кошо прикладдык тажрыйбага ээ болушту. 3 айдын ичинде  9 экскурсия жана 36 профессионалдык лекция менен тренингдер өткөрүлдү. Лекцияларды белгилүү коомдук ишмерлер, ийгиликтүү бизнесмендер, окумуштуу жана мамлекеттик кызматкерлер окушту. 12 алдыңкы компания жана мекемелер менен кызматташунун натыйжасында бардыгы Кыргызстандын келечегин потенциалдуу жаштар тургузуп кетээрине ишеништи.

ZE7A0686Салтанатта 100 лидерге сертификат тапшыруудан сырткары, атайын дайындалган «Келечектин Центуриондору» аттуу китептен лидерлер өз кайрылууларын окуп да беришет. Ал эми 3 ай бою тартылган отчеттук фильм бардык процесстин кызыктуу жана пайдалуулугун ачат. Ошондой эле партнерлорго ыраазычылык каттары берилип, БОЛОЧОК ЭЛИТАНЫН түптөлүшүнө кошкон салымдары бааланат.

 Фонд Кыргызстандын жаш лидерлерди жана алардын ийгиликтүү бүтүрүшүн колдоп кетүүгө чакырат. Катышууну каалагандар төмөнкү телефондорго жана почтага кайрылуу мүмкүн: 69 05 43, 690667, 0770 760176 же fpi.kg@mail.ru.