Домой Кылмыш Кыргызстандын коррупциячылары жыл сайын 700 миллион доллар уурдайт

Кыргызстандын коррупциячылары жыл сайын 700 миллион доллар уурдайт

5

Эксперттердин берген баасына таянсак, Кыргызстанга коррцупциячылар жыл сайын 700 млн долларлык чыгым келтиришет, бул бюджеттин кирешесинин 40 пайызга жакынын түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өткөн өнүгүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Эл аралык донорлор конференциясында Экономика министри Темир Сариев маалымдады. Өткөн жылы укук коргоо органдары коррупцияга байланышкан 1 180 кылмыш ишин козгогон. “Азыркы учурда өкмөт 2012-2014-жылдарда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын жана программасын иштеп чыгып, бекитти”,-дейт Сариев 10-июлда башталган эки күндүк донор конференциясы учурунда. Эске сала кетсек, донорлордун жогору деңгээлдеги жолугушуусу буга чейин 2010-жылы болгон кризистик жагдайларга байланыштуу да уюштурулган.

1