Домой Экономика Кыргызстанга 43 даана автогрейдер жана 7 даана бульдозер келди

Кыргызстанга 43 даана автогрейдер жана 7 даана бульдозер келди

4

грейдер  Кыргызстандын жана Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы насыя келишиминин алкагында жол техникаларын сатып алууга 9 млн 600 миң АКШ доллары каралган болчу. Бул каражатка 43 даана Түркиядерлер, 20 автожүктөгүчтөр, 7 бульдозер жана 3 комплект асфальт-бетон заводдору сатылып алынган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Азыр Кыргызстанга 43 даана автогрейдерлер жана 7 даана бульдозерлер келди. Жакынкы мезгилде өлкөгө 20 автожүктөгүчтөр жеткирилет. Үч комплект асфальт-бетон заводдорунун бирөө Кыргызстанга жеткирилип, Нарын областынын Ак-Талаа районунда кураштыруу иштери башталды. Калган 2 комплект асфальт-бетон заводдору келип түшөөрү менен август айын чейин Талас областынын Кара-Буура районунда жана Жалал-Абад областынын Токтогул районунда курулат.

Бул иштердин баары 2017-жылга чейинки Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашырууга багытталган.

Ар бир район бирден автогрейдер алат. Бульдозерлер Талдык, Тоңмурун, Чыйырчык, Карагоо сыяктуу ашууларда жана республикадагы эң татаал автожолдор болуп эсептелген Мырзаке-Каракулджа-Алайкуу, Кочкор-Дыйкан-Каракече жолдорунда пайдаланылат.

Маалымат иретинде. Кыргызстандагы жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн 95 пайызы авто жол тармагы аркылуу ташылат. Өлкөдөгү автожолдордун жалпы узундугу 34000 чакырым, анын ичинде 18810 чакырым жалпы пайдалануудагы жолдор жана 15190 чакырымы шаарлардын, айылдардын, айыл чарба, өнөр жай жана башка ишканалардын карамагындагы жолдор.

Унаа инфраструктурасын өнүктүрүү – Кыргыз Өкмөтүнүн ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Белгилеп кетчү нерсе, ушул кезде республика боюнча жол мекемелеринин жол-куруу техникалары менен камсыз болуу деңгээли 35 пайыздан ашпайт.

Булак : Баракелде