Домой PR Кыргызстанга Craig David келет

Кыргызстанга Craig David келет

7

Craig DavidКыргызстанга Craig David келээри туурасында “Я – танцор” фестивалынын негиздөөчүсү – Атай Өмүрзаков твиттердеги колдонуучуларга кабарлады. Эскерте кетсек, бул маараке 12 – 14- сентябрга чейин Бишкек шаарында болуп өтөт. Крейг Эшли Дэвид (англ. Craig Ashley David, 5 май 1981 жылы туулган, Саутгемптон, Хэмпшир, Англия) — британиялык ырчы. Крейг Дэвид эрте жашынан баштап эле музыкага кызыга баштаган. Чыгармачыл жолунда ал Artful Dodger дуэтинде Марк Хилл менен чогуу «Rewind» аталыштагы ыр жаздырып, ийгиликке жетишкен. Андан соң, Марк Хилл Дэвиддин жеке альбомун чыгарууга жардам берет. Ал ыр жыйнак «Born To Do It» аталып, 2000-жылы жарык көрөт. «Fill Me In» аталыштагы ыр Крейг Дэвидди британиянын эң алдыңкы ырчыларынан кылып, хит параддардан биринчи орунду ырчынын колуна карматат.