Домой Коом Кыргызстанга төрт өлкөнүн дин өкүлдөрү келет

Кыргызстанга төрт өлкөнүн дин өкүлдөрү келет

8

динКыргызстанга Орусия мусулмандарынын төрагасы Равиль Гайнудин, Түркия муфтийинин орун басары Мехмед Гермез, Казакстандын жогорку муфтийи Ержан Маямеров жана Тажикстандын муфтийи Абдукадирзада Саид Мукарам келет. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз кызматы билдирди.

Мааламатка караганда, дин лидерлери Бишкекте 21-августта өтө турган “Дин жана коопсуздук” эл аралык жыйынына катышмакчы.

Белгилей кетсек, жыйынга Европа кеңешинин дин лидерлери, КРнын дин өкүлдөрү, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, коомдук уюмдар, эксперттер, коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишет.

“Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азияда жана дүйнөлүк коомчулукта актуалдуу көйгөйлөр каралат. Мында мамлекеттер аралык дин коомчулуктарынын иштери менен тажрыйба алмашуу болот”, деп КМДБ билдирди