Домой Hi-Tech Кытайлыктар дүйнөдөгү эң ичке телефонду чыгарышты

Кытайлыктар дүйнөдөгү эң ичке телефонду чыгарышты

5

Umeox-X5

Umeox X5 смартфону Huawei Ascend P6 смартфону койгон рекордду басып өттү. “Кытайдын Umeox Mobile Technology компаниясы корпусунун жукалыгы 5,6 мм түзгөн Umeox X5 смартфонун чыгаруу менен дүйнөдөгү эң ичке деп эсептелген Huawei Ascend P6 смартфонунан алдыга озуп чыкты”,- деп жазат cnews.ru. Ичкелиги 6,18 мм болгон Ascend P6 смартфонун тааныштырышкандан кийин болгону бир апта өтпөй, кытайлыктар эң жука смартфонду чыгара салышкан. Эң ички смартфон 5,3-дюймдук дисплей менен жабдылган, 1280 x 720 пикселдүү, 8 МП камерга ээ жана Android 4.2.2 (Jelly Bean) операциялык системасына негизделген. Umeox X5 смартфону Ascend P6дан жарым миллиметр ичке, бирок анын процессору алсызыраак, ал эми аккумулятору чабалыраак деп жатышат. Жалпысынан аны Ascend P6нын атаандашы деп эсептөөгө болбойт. Смартфон жакын арада сатыкка чыгышы күтүлүүдө. Алгач аны франциялыктарга сунушташмакчы.

Айбат гезити