Домой Коом “Кыялдагы” 12 миллион сом боюнча кылмыш иш сотко єттї

“Кыялдагы” 12 миллион сом боюнча кылмыш иш сотко єттї

3

фемида“Кыял” ишканасында 12 миллион сомдон ашуун акчанын дайынсыз сарпталганына байланыштуу козголгон кылмыш иш тергелип бїтїп сотко жєнєтїлдї. Бул тууралуу бїгїн Баш прокуратурадан кабарлашты. Кєзємєл органдын маалыматына караганда, 2011-2012-жылдары “Баатыр Эне” ордени жана “Эне даўкы” медалдарын жасап чыгаруу боюнча “Кыял” менен Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгы ортосунда келишим тїзїлгєн. Анын негизинде тиешелїї каражат бєлїнїп, бирок бухгалтердик эсеп-кысап кагаздарын текшере келгенде 12 миллион 323 миў сомдун дайыны табылбай калган. Айып ишкананын жетекчиси Султанбек Макашовго тагылып, жыйынтыгында чыгым толугу бойдон кайтарылып берилген. Эми кылмыш ишти Бишкектин Ленин райондук соту карамай болууда.