Домой Шоубизз Кыз Бурак тобунда жалаң тойлор

Кыз Бурак тобунда жалаң тойлор

4

Кыз Бурак

Легендарлуу Кыз Бурак тобунда 200дөн ашуун таланттуу ырчылар тарбияланып, азыр да болсо, бул топто эң сулуу, чырайлуу айымдар да ырдап келишет. Албетте бийкечтердин эң башкы бирден бир тилеги, турмуш жолуна сүйүктүүсү менен кол кармаша аттанып, андан соң мээримдүү энеге айланып, үй бүлө очогун сактоо болуп эсептелинет эмеспи. Дал ошол сахнадагы сулуу солисттер азыркы учурда жашоосундагы эң бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп жатышат десек болот. Топтун экс солисткасы Мунара айым азыркы учурда кыздуу болуп, наристе жытын жыттаса, дагы бир солисти Аида Маканбаева үйлөнүү үлпөт тоюнда бактылуу келиндин ролунда.

Айбат гезити №50