Домой Коом Кызалаков кырдын учундабы?

Кызалаков кырдын учундабы?

5

КызалаковКочкор районунда мамлекеттик басылма катары таанылган “Эмгек Туу” коомдук гезитти азыркы учурда мышык ыйлай турган абалга келгенин аймактык кабарчыга чалып кабарлашкан. Ага чейин район, облус жетекчилеринен тыңгылыктуу жооп ала албаган окурмандар президенттин администрациясына жана маданият министрлигине кайрылуу жөнөтүшкөнүн кабарлашкан. Өзүн Жайлообаев Сабыр деп тааныштырган Исакеев айылынын тургуну. “Эмгек Туусу” кочкордун мурунку акими Байтереков Курманбекти эки бет кылып, кочкор сотунун мурунку төрагасы Астаркуловду кошуп мактаса болот. Биз карапайым эл материал бергенге барсаң эшигинин алдына жолотпойт. Кайда калыстык? Кайда мамлекеттик жетекчилер ушундай чалдарды азыркыга чейин кармап олтурушканы. Өзүнүн менчик гезитиндей эле такай өзү чыга берет. Айыл аралап барып маек алганын уга да, көрө да элекпиз. Мен эмес жалпы эл каршы болуп жатат, жаштарга орун бошотуп кетсе жакшы эле болмок сөзгө калбай. Эмне демекчибиз окурман,  пенсия курагы келип калган инсандарыбыз эс алып неберелеринин күлкүсүнө арбалып, үйдө кадырлуу карылыкты кечирсе демекчибиз

Айбат гезити №129