Домой Коом Кызматка тиешеси жок татаал суроолорду бергенимди далилдешсе, мени камап салышсын, – аттестациялык...

Кызматка тиешеси жок татаал суроолорду бергенимди далилдешсе, мени камап салышсын, – аттестациялык комиссиянын мүчөсү

2

аттестацияЭгерде, Жол көзөмөлдөө кызматынын аттестациядан өтпөй калган кызматкерлери, мен аларга татаал суроолорду бергендигимди далилдешсе, мени камап салышсын, деп билдирди аттестациялык комиссиянын мүчөсү, бейөкмөттүк уюмдун өкүлү Калича Умуралиева бүгүн, 18-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында.

Эске салсак, мындан мурдараак ЖККнын экс-кызматкерлери, комиссия мүчөлөрү ЖККга тиешеси жок, мисалы, «азыр Рим Папасы ким?» деген суроолорду бергендиктерин билдиршкен.

К.Умуралиеванын айтымында, ал жумушка тиешелүү суроолорду берип, бирок аларга жооп ала албагандыктан, аттестациядан өтүп жаткан адамдын кругозорун текшергиси келген. «Мен премьер-министрдин аты-жөнүн сурадым – жооп жок, Жогорку Кеңеште канча депутат бар деп сурадым – унчукпайт, анан ошондо бирөөсүнөн акырын үн менен Динара Акулова деген ким? деп сурадым, ал «ырчы» деп жооп берди. Айрымдарына, жол төшөөсү канча болушу керек деген суроолор берилди, алар «5 см» деп жооп беришти. Кудай сактасын, Рим Папасы жөнүндө мындай оор суроолорду берүүдөн. Эгер муну далилдешсе, мени абакка камап эле салышсын», – деди К.Умуралиева.

Жыйындын жүрүшүндө, ага «Бейөкмөттүк уюмду ким каржылайт?» деген суроо берилди. Ал, «Меники «Биздин укук» коомдук фондусу. Фонд жеке каражаттарымдан каржыланат. Мен, кээде долбоорлорду жазып, гранттарды алам. Грантты Ектен алдым», – деп жооп берди.

Булак : Баракелде