Домой Саясат «Кызыр» калгандар «Биримдикке» башын тыгабы?

«Кызыр» калгандар «Биримдикке» башын тыгабы?

5

АбдрахмановУшул айдын он тогузунда борбордогу мейманканалардын биринде «Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» кыймылы жыйын өткөрмөкчү. Ага катышкан эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов, БОКтун лидери Равшан Жээнбеков «Биримдик» аталыштагы жаңы кыймыл түптөлгөнүн жар салышы ыктымал. Ага «Кыргызстан Бажы биримдигине каршы», «Бир Эл – Жаштар», «Жаңы муун», Өмүрбек Суваналиевдин «КККсы» сыяктуу кыймылдар,  Садыр Жапаров менен Мелисбек Мырзакматовдун «Мекенчил» партиясын кошуу планы бар экен. Бул кыймыл сымактар, партиялардын лидерлери ар кайсы партияга «тийип чыга» берип, «салынды катындай» кейипти кийип калышканы маалым. Эми «кызыр» калгандардан куралган «Биримдиктен» бактысын табышабы же биротоло «саясый импотенцияга» тушугушабы?

Айбат гезити №118