Домой Кызыктар дүйнөсү Легендарлуу Брюс Линин буюмдары сатыкка коюлат

Легендарлуу Брюс Линин буюмдары сатыкка коюлат

19

Брюс ЛиМындан 40 жыл мурда көз жумган легендарлуу Брюса Линин кээ бир жеке буюмдары Гонконгдо 5-декабрда сатыкка коюлат. Башкы оокат – капталына кара тилке салынган сары түстөгү спорттук күрмөсү. Бул кийимди “Өлүм оюну” деп аталган анын кино тасмасын көргөндөргө жакшы тааныш. Аны актер өзү ойлоп, анан тиктирген деп айтышат. Сатыкка коюлган дагы бир буюм анын – нунчактары, б.а. “кун-фу паашасынын” мыкты ойногон жана жакшы көргөн куралы. Анын баштапкы баасы 26 миң доллар деп коюлду. Брюс Линин күйөрмандары менен коллекциячылары нефриттен жасалган моюнга тагынгычына, сүрөттөрүнө жана дагы башка бир нече буюмдарына ээ боло алышат. Жалпысынан алганда 14 лот такталды. Spink аукцион үйү азырынча булардын баасын 193 миң доллар деп бычты. Кармаш өнөрүнүн мыкты чебери 1973-жылы Гонконгдо “Өлүм оюну” тасмасын бүткөнгө үлгүрбөй көз жумган. Картина дублёрдун жардамы менен тартылып бүтүп, элге 5 жылдан кийин көрсөтүлгөн. Брюс Линин өлүмү туурасында эл арасында ар кандай кептер айтылып жүрөт. . Расмий маалыматтарда аллергиядан улам мээсин шишик каптап кеткен деп айтылат.

Айбат гезити №55