Домой Коом Ленин районунда келип чыккан чатак адам өлүмү менен аяктады

Ленин районунда келип чыккан чатак адам өлүмү менен аяктады

6

1

Ленин районунда арак ичүүдөн келип чыккан чатак адам өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу шаардык ИИБдан билдиришти.

 

Мааламатка ылайык, эки күн мурун Ленин райондук ИИБнын күзөт кызматына Рыскулов жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде адам өлүгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу адам бычак менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныкташкан.

 

Иликтөө бөлүмү тарабынан “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

 

Эки күн аралыгында окуяга шектүү делип 48 жаштагы, мурун бир нече жолу соттолгон адам кармалган. Алар бирге спирт ичимдигин ичип отурушуп, чыр-чатак чыгып кеткен жана мурун соттолгон адам жанындагы шеригин бычак менен сайып өлтүргөн.