Домой Коом Маданияттын жаназасы окулдубу?

Маданияттын жаназасы окулдубу?

5

Маданияттын жаназасы
Эсил кайран СССР ыдырап кеткенден бери көз карандысыз мамлекет болгон Кыргызстанда маданият жааты жетим баладай болуп бозоруп, жакшы каралбай келатканы маалым. Буга маданият кызматкерлери, чыгармачыл инсандар ичтеринен тынып, «мамлекетибиздин экономикалык оор абалынан улам ушундай болууда да» дегендей өздөрүн сооротуп келишкен. Бирок, кечээ жакында жаңы куралган коалициянын өкмөттү куроо чечимине ылайык маданият министрлигине «Ар-Намыс» фракциясынын зордугу менен эле Камила Талиеванын келип калышы маданият кызматкерлеринин акыры чыдамын түгөтүп койгонсуду. Буга 24-апрелде Садык Шер, Эрнист Абдыжапаров баш болгон, Азамат Болгонбаев, Зайырбек Ажыматов өңдүү таланттуу акындар төш болгон маданият кызматкерлеринин өкмөт үйүнүн алдына «Эсил кайран маданият о-ой» деп өкүрүп баргандары мисал боло алат. Бул флеш-мобду өткөргөн маданият кызматкерлери жана чыгармачыл инсандар ойлорун ачык айтышпаса да, маданият министрлигинин башына маданият жаатынан түшүнүгү жок Камила айымдын барып калганына нааразы экендиктерин билдирип турушат. Ар бир кадамын салмактап баскан Садык Шер өзү баш болуп «эсил кайран маданият о-ой» деп өкүрүп жаткандарына караганда, чындап эле Талиеванын келиши менен биз маданияттын жаназасын окуп салдыкпы деген түпөйүл ойго кептелип турубуз. Балким Жогорку Кеңештин депутаттары ушул жагына көңүл буруп коюшар бекен…

Айбат гезити №75