Домой Шоубизз Мадоннаны ким зордуктаган?

Мадоннаны ким зордуктаган?

4

Мадонна

Мадонна өзүнүн жашоосундагы кандай гана оор сынактарды башынан өткөргөндүгүг туурасында айтып берди. Өмүр жолундагы кээ бир көрүнүштөрдү да ачык айтты. Жергиликтүү журналдардын бирине маек берип жатып Нью-Йорк аны кантип тосуп алгандыгы, каңырсыган жер төлөөдө жашагандыгы аз келгенсип ага бычак такап зордуктап кетишкенин айтты. “Мен Нью Йоркко келгенде шаар мени кучак жайып тосуп алган жок. Абдан кыйналдым, көрбөгөндү көрдүм. Сийдиктин жыты каңырсыган  жер төлөөлөрдө түнөп да жүрдүм. Бир күнү иштен келе жатсам артыман балдар келип бычак такап бир үйдүн үстүнө алып барып каалагандай зордукташты. Кийин батирге чыксам ал жакты 3 жолу тоношту” – дейт маегинде. Акыркы 20 жыл аралыгында Мадонна 125 миллион доллар таап бай атактууларга кошулуп жүрөт.

Айбат гезити №49