Домой Спорт Магомед Мусаев Бүткүл дүйнөлүк олимпиаданын 1/8 финалына чыкты

Магомед Мусаев Бүткүл дүйнөлүк олимпиаданын 1/8 финалына чыкты

4

Магомед Мусаев

Кыргызстандык эркин күрөшчү Магомед Мусаев Казань шаарында өтүп аткан Бүткүл дүйнөлүк олимпиаданын 1/8 финалына чыкты.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Мусаев (96 кг чейин) биринчи беттешин ирандык Жамал Мирзаеи менен өткөргөн. Мусаев аны 3:1 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалга чыгуу үчүн молдовалык Николай Себан менен күрөшөт.

Андан сырткары бүгүн, 12-июлда Иннокентий Иннокентьев 74 кг чейин салмак категориясы боюнча түркмөнстандык Мердан Жораев менен күрөшөт.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227294